Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

IX чакырылыш кезексиз X сессиясы

 

2021-жылдын 15-ноябры № 3

 

Жалал-Абад шаарынын Островский көчөсү №117 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 25268,0 чарчы метр түзгөн муниципалдык жер аянтынын жана жер аянтында турган “Курманбек Баатыр” атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин имаратынын ижара акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 03.08.2021-жылдагы чыг.№01-12/513 жана 27.10.2021-жылдагы чыг.№01-12/896-каттарды жана каттарга тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 2-ноябрь күнү болгон жыйынында каралып, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып, Депутатардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад шаарынын Островский көчөсү №117 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 25268,0 чарчы метр түзгөн муниципалдык жер аянтынын жана жер аянтында турган “Курманбек Баатыр” атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин имаратын пайдалануу үчүн ижара акы бир жылына 600,0 миӊ сом өлчөмүндө бекитилсин. Ата-энелер төлөмүнүн өлчөмү көтөрүлгөн учурда бул токтом кайрадан кароого тийиш жана беш жылда бир жолу тарифти кайрадан кароо үчүн Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кароосуна киргизүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын Островский көчөсү №117 дарегинде жайгашкан “Курманбек Баатыр” атындагы кыргыз-түрк балдар лицейи тарабынан курулуп жаткан жаӊы имаратты 2 жылдык мөөнөттө бүтүрүү боюнча иш жүргүзүү лицейдин жетекчилигине жүктөлсүн. Жаӊы имарат курулуп, пайдаланууга берилген соӊ бул токтом кайрадан каралаары белгиленсин.

3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктү натыйжалуу пайдалануу, кыргыз-түрк лицейинин жетекчилигине жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

4. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 11.02.2021-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын 8-токтому жана 14.04.2015-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын 12-токтому жайылбагандыгы белгиленсин.

5. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н.Орозбаев