Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

IX чакырылыш кезексиз X сессиясы

 

2021-жылдын 15-ноябры № 5

 

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 07.05.2021-жылдагы I уюштуруу сессиясынын 3-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бөлүмүн негиз кылып, шаардык кеӊештин фракцияларынын сунуштарын эске алуу менен, шаардык кеңештин кезексиз X сессия

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин 07.05.2021-жылдагы I уюштуруу 3-сессиясынын 1-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

·         Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамы Турдукулов Канатбек Турусбекович менен толукталсын.

2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин төрагасынын орун басарларына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н.Орозбаев