Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

IX чакырылыш кезексиз X сессиясы

 

2021-жылдын 15-ноябры № 6

 

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин депутаты Б.Караевдин депутаттык ыйгарым укуктары жөнүндө

Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидеринин сунушуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз X сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Караев Баястан Ырысалиевичдин депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жыйындарына жүйөлүү себепсиз бир жылда төрт жолудан ашык катышпаган депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунуштарды кароо Жалал-Абад шаардык кеӊешиндеги фракцияларга сунушталсын.

3. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин аппаратына бул токтомду Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы жүктөлсүн.

4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

Н.Орозбаев