Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
ХХIII–СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 19-май айы №108
Балыкчы шаарынын жергиликтүү жамааттарынын Уставын
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын жергиликтүү жамааттардын Уставы жөнүндө 21-беренесине ылайык, Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 8-апрелиндеги №01-13/1371 кат менен келген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2026- жылдын 17-мартында №01-25/78 буйругу кабыл алынып жергиликтүү жамааттардын типтүү уставын жана шаардык кенештин алдындагы Социалдык өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика жана регламент маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев
БЕКИТИЛДИ
Ысык-Колоблусунун
Балыкчы шаардык кеңешинин
XXIX чакырылышынын XXIII
сессиясынын №110 токтомунун
1-тиркемеси 2026 – жылдын 19- майы
____________________________
Балыкчы шаарынын жергиликтүү жамааттын
УСТАВЫ
Биз, Балыкчы шаарынын аймагынын жергиликтүү жамааты, өз аймагыбызда жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгебиз жана өз жоопкерчилигибиз менен чечүү укугубузду жана милдетибизди сезүү менен өзүбүздүн территориябыздагы жашаган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жана башка жарандардын бузулбас биримдигин, ынтымагын, коомдук тартипти жана тынчтыкты курууну камсыз кылууну, шаарыбызды өнүктүрүүнү максат кылып; жергиликтүү жамааттын ички жашоо-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин күндөлүк турмушка киргизүүнү көздөп, ушул уставды кабыл алабыз.