Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
01-апрель 2026-жыл №29-20/4
ТОКТОМ
Р-5 зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун, Р-5 зонасындагы жер тилкесинин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2025-жылдын 19-ноябрындагы, чыг:№01-17/5372, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XX сессиясы,
токтом кылат:
1. Р-5 зонасынын (коомдук бакча аянты) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаары, Кыдыр аке кѳчѳсʏ, №н/ж дарегинде жайгашкан, (ИНН 2-01-01-0151-0035)аянты 15000,0 м2 жер тилкесин, Ж-2Б зонасына (майда жана ири мʏйʏздʏʏ ʏй жаныбарларын кармоого уруксааты бар, жеке менчик турак жай зонасы) зонасына которулсун.
2. Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ жана толуктоону Каракол шаарында курулуш жана жердипайдаланууЭрежелерине киргизсин;
-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышынын так
аткарылышын камсыз кылсын.
-Каракол шаарынын башкы планынын концепциясына ѳзгѳртʏʏ киргизилсин.
3. Р.Р.Иманбеков, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону камсыз кылсын.
4. Токтомдун 1-пунктунда кѳрсѳтʏлгѳн жер тилкесине канаттууларды, майда жана ири малды кармоого тыюу салынсын.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешининжерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу С.