Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
01-апрель 2026-жыл №29-20/6
ТОКТОМ
Каракол шаарынын ички иштер бѳлʏмʏнѳ, шаардык милиция бѳлʏмчѳсʏнʏн (ШМБ) административдик имаратын куруу ʏчʏн Каракол шаарынын “Кашка-Суу” кичирайонунда жайгашканжер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун,2026-жылдын 24-февралындагы, чыг:№01-17/872,каты, Каракол шаары боюнча ички иштер башкармалыгынын начальниги Ч.Ч.Бейшембиевдин маалыматынугупжана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык жанажерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына,Каракол шаарынын “Кашка-Суу” кичирайонунда жайгашкан, аянты 17644,0 чарчы метр болгон жер тилкесинин ичинен (код ЕНИ 2-01-02-0059-0112),жалпы 3000,0 чарчы метржер тилкесин, Каракол шаарынын ички иштер бѳлʏмʏнѳ, шаардык милиция бѳлʏмчѳсʏнʏн административдик имаратын куруу ʏчʏн, бѳлʏп берʏʏгѳ макулдук берилсин.Каракол шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда кѳрсѳтʏлгѳн маселелер боюнча, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон жол-жоболорду жʏргʏзсʏн.
2. Эгерде, 3 жылдын ичинде курулушу башталбаса, берилген жер тилкеси, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык алынып, бул токтом күчүн жоготту деп табылат.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешининжерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу С.