Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
01-апрель 2026-жыл №29-20/8
ТОКТОМ
Каракол шаарынын шаардык прокуратурасы ʏчʏн административдик имарат куруу максатында жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун,2026-жылдын 24-февралындагы, чыг:№01-17/1281 катын карапжана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык жанажерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XX сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэриясына Каракол шаарынын Гебзе кѳчѳсʏ №123а дарегинде жайгашкан,аянты 1217,95 чарчы метр болгон (код ЕНИ 2-01-01-0072-0026) жер тилкесин Каракол шаарынын шаардык прокуратурасынаадминистративдик имаратын куруу ʏчʏн бѳлʏп берʏʏгѳ макулдук берилсин.Каракол шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда кѳрсѳтʏлгѳн маселе боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон жол-жоболорду жʏргʏзсʏн.
2. Эгерде, 3 жылдын ичинде курулушу башталбаса, берилген жер тилкеси, Каракол шаарынын муниципалдык менчигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык алынып, бул токтом күчүн жоготту деп табылат.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешининжерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи-вице мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу С.