Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
18-май 2026-жыл. 29-22/1
ТОКТОМ
Муниципалдык жер тилкелерин алмаштырууга
макулдук берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басары Т.Абдысатаровдун, 2026-жылдын 17-майындагы, чыг:№01-17/2408, катын жана “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын инфроструктура жана регионалдык ѳнʏктʏрʏʏ боюнча директору А.М. Мамбетовдун, 2025-жылдын 20-августундагы №33/874 катын карап жана талкуулап, муниципалдык жер тилкесин алмашууга макулдук берʏʏ жѳнʏндѳгʏ, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын “Муниципалдык менчик жѳнʏндѳ” Мыйзамына ылайык жана жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XXII кезексиз сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаары, Масанчи кѳчѳсʏ н/ж дарегинде жайгашкан, ИНН 2-01-04-0029-0034 аянты 141347,03 м2 болгон жана Каракол шаары, Масанчи кѳчѳсʏ н/ж дарегинде жайгашкан, ИНН 2-01-04-0010-0577 аянты375180,5 м2 болгон муниципалдык жер тилкелеринин кошулган жалпы аянты 51,6527 м2 тʏзгѳн, Каракол шаарынын чыгыш бѳлʏгʏндѳгʏ И.Кʏчʏков шоссеси, Боронбай-хан жана К.Карасаев кѳчѳлѳрʏ менен чектеш жайгашкан жалпы аянты 61 га болгон жер тилкелерине алмашууга макулдук берилсин.
2. “Каракол шаарынын муниципалдык менчик обьекттерин алмашуу тартиби жѳнʏндѳ” Жобо мыйзамдуу кʏчʏнѳ киргенден кийин, Каракол шаарынын мэриясы аталган жобого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык зарыл болгон жол-жоболорду жʏргʏзсʏн.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жѳнʏндѳ” мыйзамына ылайык, бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтом кол коюлган кʏндѳн тартып кʏчʏнѳ кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин биринчи орун басарына жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар