Редакцияот 22.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 22-майы № 74

 

 

2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу

 

1-берене

2025-жылдын 10-октябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан контролдонуучу эл аралык берүүлөрдү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө келишим ратификациялансын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-майындагы № 38 (3798) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 22-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган