Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 30-августу №46

 

Таш-Дөбө (Бер-Булак) айылында 32,40 га конушундагы жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Арашан айылдык кеңеши 2024-жылдын 29-августунда өткөн сессияда, Арашан айылдык кеңешинин депутаттары Султанов Максат Омурбековичти, Касымалиева Венера Качкынбаевнаны жана Бер-Булак айылынын тургуну Самарбеков Аман сунушун карап чыгып жана талкуулап

 

Арашан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. .Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө (Бер-Булак) айылында 32,40 га

конушундагы аянты 0,21 га түзгөн, “социалдык турмуштук багытына” арналган жер тилкесинин багыты “үй курууга” өзгөргөнгө макулдук берилсин;

 

2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтери даярдалсын жана макулдашсын;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б