Редакцияот 13.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III кезексиз сессиясы

 

2024-жылдын 13-сентябры №54

 

Бөлтөк тоосунан 20 гектар жер тилкесин “Ала-Арча” паркына өткөрүп берүү жөнүндө

 

2024-жылдын 6-майында өткөн жыйында,  Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Болгонбаев Самат Таалайбековичтин сунушун угуп жана Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн катты карап чыгып  жана талкуулап, Министрлер Кабинентинин 2023-жылдын 4-августундагы №454-тескемесин аткаруу алкагында Байтик Баатырдын ысымын түбөлүккө калтыруу, жагымдуу эколгиялык чөйрөнү колдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабиненти жөнүндө Кыргыз Республикасынын конститтуциялык мыйзамынын 13-17-беренелерине ылайык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23 беренесинин өсүмдүкдөр дүйнөсүнүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин 2022-жылдын 7-октябрындагы 554 номуру менен токтому бекитилген микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибине ылайык

 

Арашан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Арашан айыл аймагынына тийешелүү Бөлтөк тоосунан 20 гектар жер тилкесин “Ала-Арча” паркына микрокорук жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратыш аймактарын түзүү өткөрүп берилсин;

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Б. Курманбаев