Редакцияот 16.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2024-жылдын 16-сентябры №55

 

№11 автобустун тарифин бекитүү жөнүндө

 

2024-жылдын 16-сентябрында болуп өткөн кезексиз жыйынында,2024-жылдын 9-сентябрынын №127 чыгаша номери менен катталган “Эко Жүргүнчүлөрдү Жеткирүү” ЖЧКасынан келген катты карап жана талкуулап

 

Арашан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Арашан айыл аймагына катоочу №11 автобустун тарифи төмөнкүнчө бекилсин Малиновка, Бер-Булак, Таш-Дөбө, Чокморов айылдарынан- Бишкек шаарына чейин – 35 сом, Айылдар арасында мектеп окуучуларына – 15 сом;

 

2. №11 автобустун акыркы аялдамасы Малиновка айылы болуп беклсин;

 

3. №11 автобустан  Чокморов айылына каттаганга өзүнчө төрт автобус бөлүп берилсин;

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жана МИ “Арашан Биримдигине” жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

А.Б. Курманбаев