Редакцияот 17.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

 

202-жылдын 17-сентябры №58

 

Арашан айыл аймагындагы жайыт жерлерди ижарага берүүдөгү чектөөлөр жөнүндө

Арашан айылдык кеңеши 2024-жылдын 16-сентябрында өткөн сессияда, Арашан айылдык кеңешинин депутаты Бытыев Урмат Салморбековичтин Арашан айыл аймагындагы жайыт жерлерди ижарага берүүдө чектөөлөр жөнүндө сунушун карап чыгып жана талкуулап

 

Арашан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Арашан айыл аймагыныда жайыт жерлерди ижарага берүүдө бир жаранга 10 соток жер тилкесинен ашык берилбесин;

 

2. Арашан айыл аймагыныда жайыт жерлерди ижарага берүүдө бир жаранга 10 соток жер тилкесинен ашык болсо Арашан айылдык кеңешинен каралсын;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жана МИ “Арашан Биримдигине” жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б