Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну уюштурууда мамлекеттин функциясын аткаруучу, Кыргыз Республикасында аэронавигациялык тейлөөнүн жеткирүүчүсү болуп саналат. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жактын статусуна ээ.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Ишкананы уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) саналат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы»;
– расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызаэронавигация» при Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргызаэронавигация» МИ;
– расмий тилде: ГП «Кыргызаэронавигация».
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.