Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 21-майы № 389
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорундагы жана тескемелериндеги так эместиктерди, расмий чечмелөөлөрдү (түшүндүрмөлөрдү) туура эмес же карама-каршы колдонуу практикасын жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 4-пунктунун 6-пунктчасына карата расмий чечмелөө (түшүндүрмө) тиркемеге ылайык жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 4-пунктунун 6-пунктчасына карата РАСМИЙ ЧЕЧМЕЛӨӨ (ТҮШҮНДҮРМӨ)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 562 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине ипотекалык кредитти төлөө үчүн компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун (мындан ары - Жобо) 4-пунктунун 6-пунктчасына ылайык аскер кызматчысынын/кызматкеринин же анын жубайынын ипотекалык кредит боюнча турак жай сатып алынган калктуу конуштун аймагында башка турак жайынын же жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесинин болушу аскер кызматчыларына/кызматкерлерине компенсациялык төлөмдү жүзөгө ашыруудан баш тартуу же токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
"Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык калктуу конуштун аймагы деп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте түзүлгөн конкреттүү шаардын, айылдын жана башка калктуу конуштун чек араларын түшүнүү керек. Эки башка калктуу конушта кыймылсыз мүлктүн болушу, алар бир аймактык бирдикте (район, облус) жайгашканына карабастан, компенсациялык төлөмдөрдү алуу укугун чектөө үчүн негиз болуп саналбайт.
Мүлктү алуу ыкмасына карата жободо колдонулган "жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү" деген термин мамлекеттик органдар же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте жер тилкесин бөлүп берүү актысын билдирет.
Өз кезегинде жер тилкесин же башка турак жайды мыйзам боюнча мурастоо тартибинде алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин ченемдерине ылайык жарандык-укуктук бүтүмдүн негизинде менчик укугунун өткөрүп берилишин билдирет. Жобонун 4-пунктунун 7-пунктчасына ылайык мыйзам боюнча мурастоо компенсациялык төлөмдү жүзөгө ашыруудан баш тартуу же токтотуу үчүн негиз болуп саналбайт жана турак жай шарттарын жакшыртууга же начарлатууга багытталган аракет катары каралбайт.
Аскер кызматчысынын/кызматкеринин же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мурастоо укугу боюнча алынган жана ипотекалык турак жай сатып алынган жерден башка калктуу пунктта жайгашкан жер тилкесинин болушу компенсациялык төлөмдү жүзөгө ашыруудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.