Загрузка документа…
КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 15
Коомдук транспортту лизинг шартында алууга макулдук берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын 01.04.2026-жылдагы №01-6/503 кайрылуусун карап чыгып, Кара-Балта шаарынын мэри А.К.Исаковдун маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Кара-Балта шаарынын мэриясына Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу төмөнкү шарттарда финансалык ижарага (лизингге) алууга макулдук берилсин:
- 24 (жыйырма төрт) бирдик өлчөмүндөгү ISUZU, SAZ, HC45, CNG маркасындагы автобустар лизинг аркылуу;
- ижара мөөнөтү – 5 (беш) жыл;
- ижаранын негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мөөнөт – 6 (алты) ай;
- пайыздык чен – жылдык 4 (төрт) %;
- лизингдик буюмдун жалпы баасы 1 644 000 (бир миллион алты жүз кырк төрт миң) АКШ долларын түзөт;
- өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоонун көлөмү 1 150 800 (бир миллион бир жүз элүү миң сегиз жүз) АКШ долларын түзөт;
- Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо (ижарага алынган объекттин жалпы наркынын 30%ынан кем эмес) – 493 200 (төрт жүз токсон үч миң эки жүз) АКШ доллары;
- лизингди уюштуруу үчүн комиссия – 5 750 (беш миң жети жүз элүү) АКШ доллары өлчөмүндө, Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоонун суммасынын 0,5 (нөлдөн бештен беш)%ы;
2. Кара-Балта шаарынын мэриясына:
- Кара-Балта шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүүдө финансылык ижара (лизинг) келишими боюнча лизинг төлөмдөрүн өз убагында төлөө үчүн зарыл болгон каражаттарды жыл сайын, анын ичинде ижаранын негизги суммасын жана чегерилген пайыздарды камсыздандыруунун жылына 4% өлчөмүндө карасын; ушул токтомдун №1 тиркемесин эске алуу менен ижарага алынган буюмду тейлөө жүргүзсүн;
- лизинг предметинин жалпы наркынын кеминде 30% өлчөмүндө жеке төгүмдөрдү берүүнү, лизингди уюштуруу үчүн комиссияны төлөөнү (өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунан каржылоонун суммасынан 0,5%), ошондой эле бажы, каттоо жана башка чыгашаларды жана жыйымдарды төлөөнү, анын ичинде аны жылдык камсыздандырууга жана тейлөөгө, жергиликтүү тейлөөгө, төлөөнү камсыз кылууга; түзүлгөн финансылык ижара (лизинг) бүтүмдөрүн аткаруунун жергиликтүү бюджеттен каралсын.
3. Кара-Балта шаарынын мэриясы - «Самарканд автомобиль заводу» («СамАвто») ЖЧКсы тарабынан сунушталган лизингдик буюмдун өндүрүүчүсү (жабдуучунун) тандоосу, лизинг предметинин маркасы, модели, конфигурациясы, сапаты, жеткирүү мөөнөтү жана наркы, ошондой эле анын № 2-тиркемедеги техникалык жана экономикалык көрсөткүчтөрү менен бекитилсин.
4. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен түзүлүүчү келишимдик мамилелерде ижарачы болуп Кара-Балта шаарынын мэриясы, ал эми эксплуатациялоочу уюм болуп «ДСУ Кара-Балта» муниципалдык ишканасы тааныла тургандыгы белгиленсин.
5. Финансылык ижара (лизинг) келишими түзүлгөндөн жана лизинг төлөмдөрү толук төлөнгөндөн кийин лизингге алынган объект Кара-Балта шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
6. Ижара объекти жарандык-укуктук мамилелердин чегинде Кара-Балта шаарынын калкына акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдаланылат, мында көрсөтүлгөн кызматтардын наркы киреше бөлүгүн камтышы керек.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияга, ошондой эле Кара – Балта шаарынын мэри- А.К. Исаковго жүктөлсүн.
Таркатылсын: иш кагаздарына, Кара – Балта шаарынын мэриясына, Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы “ДСУ Кара-Балта” ишканасына, КР ЮМга.
Кеңештин төрагасы |
| М. Дуйшеналиев
|
|
| № 2 тиркеме Кара-Балта шаардык Кеңешинин токтомуна № 15 2026-ж. 10-аперели.
|
Лизинг предметинин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү
|
| ОсОО «ЛКВ-Центр» ОКПО 31544248 ИНН 02206202210242 ГНИ 002 ОАО «Бакай Банк» БИК 124030 р/с (KGS) 1240020001087820 |