Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 30-майы № 192
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын
токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна, 3-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн мурда жөнөтүлгөн Абдуллаев Болотбек Абдырахманович каза болгондугуна байланыштуу анын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары токтотулду жана ал ээлеген кызмат ордунан 2026-жылдын 22-майынан тартып бошотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |