Загрузка документа…
КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели № 15
Жер участогун категориялар аралык которууга (трансформациялоого)
“БН Профи” ЖЧКсынын башкы директору Ж.С.Жумабековдун маалыматын угуп жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынан (чыг. №05/2526,06.04.2026-ж), келип түшкөн катты менен таанышып чыгып, ошондой эле «Кыргызгипрозем» МИнин 2025-жылдын 8-июлундагы № 01-6/3134 катында көрсөтүлгөн жердин экспликациясын эске алып, Кичи-Кемин айыл аймагынын аймагында жайгашкан жалпы аянты 1 га жер участогун «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоо үчүн жана башка багыттагы жерлер» Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп, талкуулап жана пикир алмашып, Кичи-Кемин айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи-Кемин айыл аймагынын административдик чек арасында жайгашкан, контур № 1 жалпы аянты 1,0 га жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер»категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Тиешелүүу уруксаат берүүчү документтерди даярдоо жана макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кемин филиалы жана Кемин архитектура жана шаар курулушу бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| С.М.Зарипов |