Загрузка документа…
БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын
ХV-сессиясынын
2025-жылынын 17-декабры № 4
Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фонду аркылуу ижарага (лизингке) таштандыларды ташуу үчүн “ISUZU FVR 34 K” үлгүсүндөгү 3 даана таштанды ташуучу автоунааларын жана “ISUZU FVR 34 K” үлгүсүндөгү 1 даана автосамосвал автоунаасын 5 жылдык мөөнөткө 4 пайыздык чени (үстөк) менен сатып алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-45-беренелерин аткарууга алып, 12.12.2025-жылкы чыгыш №10-4/3888 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын XV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон шаарына:
- «ISUZU FVR 34 K» үлгүсүндөгү 3 (үч) даана таштанды ташуучу автоууналарын (лизинг предмети);
- «ISUZU FVR 34 K» үлгүсүндөгү 1 (бир) даана автосамосвал автоуунасын (лизинг предмети),
финансылык ижара (лизинг) аркылуу алуу үчүн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунан 5 жылдык мөөнөткө, негизги суммасын төлөөдө 6 айлык жеңилдетүү мөөнөтү менен жылдык 4 пайыздык чени (үстөк) менен 333 300 АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттарды алууга финансылык ижара (лизинг) аркылуу, анын ичинен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунан каржылоонун көлөмү 233 310 АКШ долларын түзөт, жана лизингдин 30 пайызын алдын ала төлөө үчүн (баштапкы салым) 99 990 АКШ доллар жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондуна лизингди уюштуруу боюнча комиссия толомyн толоо учун 1 166,6 АКШ доллар (лизингдин суммасынан 0,5%), финансылык ижарага (лизингке) алына турган автобустардын бажылык тариздөөсyнө, камсыздоосуна жана мамлекеттик каттоосуна байланышкан төлөмдөрдү, жалпы 6 930,5 АКШ долларды төлөөгө макулдук берилсин (тиркеме №1 ).
2. Базар-Коргон шаарынын мэриясына Базар-Коргон шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүүдө, ар жылы аталган лизингдин төлөмдөрүн төлөөгө зарыл болгон акча каражатын жана алынган атайын техникаларды жыл сайын камсыздоого керектелүүчү чыгымдарды кароо жагы милдеттендирилсин.
3. Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган атайын техниканын өндүрүүчүсү – Самарканд автоунаа заводу «СамАвто» ЖЧКсы, ошондой эле техникалардын макулдашылган маркасы/модели, комплекттүүлүгү, сапаты, жеткирүү мөөнөтү жана баасы 333 300 (үч жүз отуз үч миң үч жүз) АКШ доллары өлчөмүндө тандоосу бекитилсин.
4. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фонду менен келишимдик мамилелерде Базар-Коргон шаарынын мэриясы лизинг алуучу, ал эми анын төмөнкү түзүмдүк бөлүмү (муниципалдык ишкана) эксплуатациялоочу катары таанылышы абзел: Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасы.
5. Финансылык ижарага (лизингке) алына турган атайын теникалардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү № 2-тиркемеде көрсөтүлөт. Финансылык ижара (лизинг) келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин лизингдин предметтери Базар-Коргон шаарынын мэриясынын менчигине өтүшү зарыл.
6. Аталган техникалар жарандык-укуктук мамилелердин алкагында Базар-Коргон шаарынын калкына акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдаланылып, кызматтардын наркы киреше компонентин камтышы керек.
7. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.
Төрага
|
К.К.Анарбеков |
|
Тиркеме №2 Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 4 токтому менен бекитилген. |
Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан ӨКӨФ аркылуу атайын техникаларды сатып алуу долбоорун каржылоо
СТРУКТУРАСЫ
№ | Алынуучу техника | Саны | Баасы | Жалпы баасы USD | ӨКӨФ салымы | Өздүк салым |
1 | Таштандыларды ташуучу автоуунасы “ISUZU FVR 34 K” | 3 | 87 600 | 262 800 | 183 960 | 78 840 |
2 | Автосамосвал автоуунасы “ISUZU FVR 34 K” | 1 | 70 500 | 70 500 | 49 350 | 21 150 |
3 | “УНАА” ММ каттоого кеткен чыгымдарын төлөө үчүн (ар бир транспорт 24 000 сом) | 4 | 1 097,8 | 1 097,8 | 0 | 1 097,8 |
4 | Бажы төлөмдөрү (атайын техниканын жалпы алынган наркынан 0,25%) |
|
| 833,3 | 0 | 833,3 |
5 | Лизингди берүүнү уюштуруу боюнча комиссия төлөмү (лизингдин суммасынан 0,5%) |
|
| 1 166,6 | 0 | 1 166,6 |
| Жалпы: |
|
| 336 397,6 | 233 310 | 103 087,6 |
| Каржылоо үлүшү |
|
| 100% | 69,4% | 30,6% |
Мындан сырткары техникаларды сатып алгандан кийинки төлөмдөр болот:
5 | Техникаларды жыл сайын камсыздандыруудан өткөрүү (жалпы сатып алынган наркына карата 1,5 %) | 4 | 1,5% | 4 999,5 USD | 0 | 4 999,5 USD |
6 | Лизингке сатып алынган техникалардын жылдык 4% пайыз төлөмү (бир жылдык) |
|
|
|
| 52 000 USD |
7 | Жабдуулардын жылдык техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдары (техникалык наркынан 2,5%) (333 300 долл * 2,5% =8 333 доллар болжолдуу) |
|
|
|
| 8 333 USD |
| №5, №6, №7 пунктар боюнча жалпы: |
|
|
|
| 65 332,5 USD |
| Жалпы №1–7 пунктардын суммасы: |
|
|
|
| 168 420,1 USD |
|
|
|
|
|
|
|
Базар-Коргон шаардык
кеңешинин жооптуу катчысы: З.Субанова