(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин ушул Жобонун тиркемесине ылайык белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - компенсациялык жана дем берүүчү төлөмдөрдү эске албастан, календардык айдын ичинде белгилүү татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн белгиленген өлчөмү;
эмгек акы - кызматкердин квалификациясына, аткарылуучу иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы;
компенсациялык төлөмдөр - кызматкерлерге эмгектик же кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кошумча чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
дем берүүчү төлөмдөр - кызматкерге эмгектин сапаттуу жана өз убагындагы натыйжасына дем берүүгө багытталган төлөмдөр;
типтүү штаттар - мекемелердин штаттык санын тартипке келтирүүнүн чектүү ченеми;
президенттик компенсациялык төлөм - кызматкерлерге белгиленүүчү, кызматтык маянанын курамына кирбеген жана социалдык колдоо максатында төлөнүүчү ай сайын белгиленген акчалай төлөм.
3. Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
4. Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн өз убагында жана талаптагыдай белгилөө үчүн жоопкерчилик калкты социалдык камсыздоо системасынын мекемелеринин жетекчилерине жүктөлөт.
2-глава. Компенсациялык төлөмдөр
5. Кыргыз Республикасынын калкты социалдык камсыздоо системасында айрым уюмдардагы, бөлүмдөрдөгү иштин шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматкерлердин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр белгиленет.
6. Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүдөй үстөктөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын зоналарында иштегендиги үчүн;
- медициналык кызматкерлерге квалификациялык категориясы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
а) врачтык персонал үчүн:
жогорку квалификациялык категория - 6000 сом;
I квалификациялык категория - 4000 сом;
II квалификациялык категория - 2000 сом;
б) орто медициналык персонал үчүн:
жогорку квалификациялык категория - 5000 сом;
I квалификациялык категория - 3000 сом;
II квалификациялык категория - 1000 сом.
2) натыйжалуулукка дем берүү коэффициенттерин эске алуу менен эмгектин сапаттуу натыйжалары үчүн;
3) айыл жеринде иштегендиги үчүн;
4) өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн;
5) жумуш убактысынын нормалдуу узактыгынан тышкары иштегендиги үчүн (айкалыштыруу же ченемден ашык иштөө);
6) административдик-башкаруу жана негизги персоналдын категориясына кирген кызматкерлерге 15000 сом өлчөмүндө, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын категориясына кирген кызматкерлерге 5000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм (бир штаттык бирдикке), ал өргүү акыларын, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегени үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир ставкадан ашык эмес төлөнөт (иш сапардык, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш жана майрам күндөрү иштеген күндөр алып салынат).
7. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда иштегендиги үчүн, ошондой эле өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн үстөктөр бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык төлөнөт.
8. Жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан тышкаркы иштегендиги (айкалыштырып же ченемден ашык иштегендиги) үчүн үстөктөр Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
3-глава. Дем берүүчү төлөмдөр
9. Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн, кесиптик жана сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында кызматкерлердин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр белгиленет.
10. Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөктөр кирет:
- окумуштуулук даража;
- "Элдик" жана "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы.
11. "Элдик" жана "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы үчүн үстөктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнөт.