Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 30-апрели № 05/2-17/114
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагымамлекеттик ишканалардын уставдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 31-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Суу курулуш” мамлекеттик ишканасынын уставы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
2) Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ирригациялык курулуш” мамлекеттик ишканасынын уставы ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык.
2. Министрликтин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгы:
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматы ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо суу ресурстары маселесин тейлеген Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министрдин милдетин убактылуу аткаруучу, министрдин орун басары |
| Илич Марсбек уулу |
|
| Министрликтин 2026-ж “__” ________ № ___________ буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Суу курулуш” мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Суу курулуш” мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкана уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин түзүмдүк актыларына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп ушул Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (мындан ары — мамлекеттик башкаруучу орган) эсептелет.
5. Ишкананын аталышы:
1) Ишкананын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Суу курулуш” мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: государственное предприятие «Суу курулуш» при Службе водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
2) Ишкананын кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Суу курулуш” МИ”;
- расмий тилде: «ГП «Суу курулуш».
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш жүргүзөт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык милдеттерди аткарууга, ошондой эле сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте эсептешүү жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы бар мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибуттары бар.
10. Ишкана өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу.
11. Ишкана өзүнүн бардык милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
12. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү 4А.
2-глава. Ишкананын максаттары, предмети жана функциялары
13. Ишкананын негизги максаты Кыргыз Республикасынын ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүүнү жана модернизациялоону камсыз кылуу, суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, ошондой эле айыл чарба жерлерин туруктуу суу менен камсыз кылуу максатында суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
14. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн предмети болуп ирригациялык жана суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо, модернизациялоо, пайдалануу жана техникалык тейлөө чөйрөсүндө иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү жана колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу саналат.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ирригациялык системаларды, каналдарды, коллектордук-дренаждык тармактарды, гидротехникалык курулмаларды жана башка суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо, модернизациялоо жана капиталдык оңдоо;
2) ирригациялык жана суу чарба инфраструктурасынын объекттеринде курулуш, монтаждоо, оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү;
3) ирригация жана суу чарба тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
4) суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ирригациялык системалардын техникалык абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
5) суу чарба объекттерин куруу жана реконструкциялоо чөйрөсүндө инженердик жана изилдөө иштерин жүргүзүү;
6) Ишкананын чарбалык жүргүзүү укугуна берилген негизги фонддорун, материалдык-техникалык ресурстарын жана мүлкүн натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
7) гидротехникалык курулмаларды, суу сактагычтарды, насостук станцияларды, бөлүштүрүүчү түйүндөрдү жана башка суу чарба объекттерин курууга жана калыбына келтирүүгө катышуу;
8) ирригациялык инфраструктура объекттеринде авариялык-калыбына келтирүү иштерине катышуу;
9) ирригациялык системаларды куруу жана пайдалануу тармагында заманбап технологияларды, материалдарды жана жабдууларды киргизүү;
10) Ишкананы өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген инвестицияларды, кредиттик жана башка финансылык ресурстарды тартуу;
11) Ишкананын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана анын өндүрүштүк ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
12) суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана Ишкананын ишмердүүлүк максаттарына жетүүгө багытталган башка иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү.
16. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
1) ирригациялык каналдарды, гидротехникалык курулмаларды жана башка суу чарба объекттерин курууну, реконструкциялоону, модернизациялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат;
2) ирригациялык инфраструктураны куруу жана реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлоо, инженердик-техникалык жана изилдөө иштерин жүргүзөт;
3) мамлекеттик (муниципалдык) органдар жана мекемелер үчүн суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткарат;
4) ирригациялык жана гидротехникалык курулмаларда курулуш, монтаждоо, оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин уюштурат;
5) суу чарба тармагындагы мамлекеттик жана эл аралык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышат;
6) гидротехникалык курулмаларды, каналдарды жана ирригациялык инфраструктуранын башка объекттерин бекемдөө жана коргоо иштерин жүргүзөт;
7) ирригациялык системаларды техникалык тейлөөнү, модернизациялоону жана алардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат;
8) иштерди аткаруу үчүн курулуш материалдарын, техникаларды жана жабдууларды сатып алууну, сактоону, ташууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырат;
9) Ишкананын өндүрүштүк базаларын, оңдоо мастерскойлорун жана башка материалдык-техникалык инфраструктурасын пайдаланууну камсыз кылат;
10) ирригациялык системаларды куруу жана пайдалануу тармагында адистерди даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
11) ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана инвесторлор менен өз ара аракеттенет;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат.