Загрузка документа…
ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
XV- сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 4-февралы №1
“Ардактуу атуул” жана “Эмгек каарманы”
наамын ыйгаруу жөнүндө
Түп айыл аймагынын Шаты айылынын айыл башчысынын сунушун карап, талкуулоолордон кийин Түп айылдык кеңешинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы №70-токтому менен бекитилген “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу тиртиби жөнүндө” Жобонун негизинде Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын XV-cессиясы токтом кылат:
1. Шаты айылына жаңы курулган мектептин имаратынын ачылыш
аземине карата:
- Шаты айылынын тургуну Элдос Мусагожоевге билим берүү
тармагына сиңген эмгеги жана Түп айыл аймагынын социалдык-экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Түп айылынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Шаты айылынын тургуну Чымырова Гүлнара Жуманалиевнага
билим берүү тармагында талыкпай кылган эмгеги жана жаш муундарга берген таалим тарбиясы үчүн Түп айыл аймагынын “Эмгек каарманы” наамы ыйгарылсын.
2. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы У.И.Бозгунов токтомдун
аткарылышын камсыздасын.
3. Токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеңешинин
мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык адеп, депутаттык ишмердүүлүк жана депутаттык мандат, жергиликтүү өзүн өзү башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча (административдик) туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Б.Абдымамбетов