Загрузка документа…
ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
XV- сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-февралы №5
Түп айыл өкмөтүнүн алдындагы Балдарды коргоо борборунун кызматкерлеринин эмгек өргүүсүнө даарыланууга 2 айлык
жөлөк пул кошуп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 200,201,202-беренелеринин жана Түп айыл өкмөтү менен Балдарды коргоо борборунун ортосунда 2024-жылдын 8-январында түзүлгөн жамааттык келишимдин негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын XV-cессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл өкмөтүнүн алдындагы Балдарды коргоо борборунун кызматкерлери эмгек өргүүгө чыгууда даарыланууга 2 айлык жөлөк пул акча каражаты төлөнүп берилсин.
2. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы У.И.Бозгунов токтомдун аткарылышын камсыздасын.
3. Токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү
жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеңешининбюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Б.Абдымамбетов