Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-майы № 379
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин, жалпы билим берүү объекттерин жана саламаттык сактоо объекттерин куруу максатында, Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча жер комиссиясынын 2026-жылдын 6-мартындагы корутундусун, Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 11-мартындагы № 76 токтомун көңүлгө алып, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 3, 12-2-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18, 102-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагындагы № 544, № 545 контурларда жайгашкан, Исаев Акжол Апсаматовичтин жеке менчигинде турган, жалпы аянты 9,0 га сугат айдоо жер тилкеси "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жаатындагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жеке каражаттарынын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн уюштурууну, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү жана ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүү боюнча чараларды көрүүнү;
5) аталган жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда анын Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сакталышын;
6) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
7) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммасын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык төлөөнү;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
9) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык талаптарды аткарууну;
10) Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоону;
11) "Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |