Загрузка документа…
ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIХ-чакырылышынын
№XVI-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-марты №6
Түп айыл аймагынын 2025-жылга бюджетинин атайын
каражаттарынын 2026-жылдын 1- январына карата ашкан калдыгын
бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация
жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.2.-пунктуна ылайык Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы XVI-сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагы 2025-жылдын бюджетинин атайын каражаттарынын аткарылышынын жыйынтыгы менен 2026-жылдын 1-январына карата кирешелердин чыгаша бөлүгүнөн ашкан - 1179676 сом, анын ичинен:
- "Бакыт" бала бакчасы боюнча 809 809 сом;
- "Жеткинчек" бала бакчасы боюнча 369 867 сом, калдыгынын эсебинен башкы эсепчи Б.Бекдаированын билдирүүсүн угуп жана талкуулап "Бакыт" бала бакчасына - 809 809 сом жана "Жеткинчек" бала бакчасына - 369 867 сом бала бакчадагы балдардын тамак - ашына кошумча жумшалсын.
2. "Бакыт" жана "Жеткинчек" бала бакчаларынан ата-энелерден
алынуучу төлөм 2024-жылдын 29-августундагы Түп айылдык кеңешинин №250-токтому менен бекитилген 1 бала үчүн - 1200 сом көлөмүндө өлчөм 2026-жылга күчүндө калтырылсын жана тамак - ашына жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика, ишкердик, тышкы экономикалык байланыш, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.