ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIХ-чакырылышынын
XVI-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-марты №7
Административдик имарат курууга жер тилкесин
бөлүп берүүгө макулдук жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл облусунун Түп району боюнча башкармалыгынын кайрылуусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы XVI-сессиясы токтом кылат:
1. Түп айылынын Манас №24б дарегиндеги муниципалдык жер аянтынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көл облусунун Түп району боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын куруу үчүн 1800 кв.м. жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов