Загрузка документа…
ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХVI–cессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-марты №8
Түп айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын
чыгаруу боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.11.-пунктунун негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл өкмөтүнө караштуу “Түп муниципалдык коммуналдык
тиричилик чарбасы” мекемесинин катуу тиричилик калдыктарын (таштандыларды) чыгаруу боюнча тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:
· Жеке жактарга:
- бир кожолука 1 айга – 100 сом (оттун күлүн чыгаруу жумуштары ичинде);
- багаар-көрөөрү жок жалгыз бой карыларга акысыз;
- келишимдин негизинде 1 контейнерге – 300 сом.
· Мекеме, уюмдарга:
- Ар бир кызматкерге 1 жылга – 250 сом;
- Түп райондук жалпы дарыгердик практикалык борбору мекемесине ар бир контейнерге - 600 сом.
· Коммерциялык жактарга:
- чоң соода түйүндөрү жана ашканаларга 1 контейнер алуу үчүн
1 тапшырыкка – 600 сом;
- кичине жашылча-жемиш саткан соода жайлар жана нан бышыруучу жайлар үчүн бир айга - 500 сом;
- кичине соода кылуучу түйүндөргө, чач тарач, павильондорго ар бир
жумушчу адамга 1 айга – 200 сом.
2. Түп айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы “Түп айыл
аймагында катуу таштанды калдыктарын чыгаруу боюнча тарифтерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө” №17-токтому жокко чыгарылсын.
3. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага А.Б.Абдымамбетов