Загрузка документа…
ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХVI–cессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-марты №9
Түп айыл аймагында малды жайлоодо, бадада багуунун тарифтерин, мал багуу эрежелерин жана малды жайлоого көчүрүү мөөнөттөрүн бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.11.-пунктунун негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:
· Малды багуу акысы:
- 1 бир баш койго - 200 сом;
- уйга, торпокко - 1000 сом;
- Жылкыга - 1000 сом;
- Түп айыл аймагыдагы бардык бадалар үчүн баданын акысы уй башына (букасы менен) - 500 сом.
· Жайыттарына алынган жайыт акы:
- 1 бодого, жылкыга - 100 сом,
- 1 койго – 25 сом,
2. Түп айыл аймагында малды даарылоо эрежелери төмөнкүдөй бекитилсин:
· Ветеринарлардын вакцинация боюнча аткарган иштери боюнча:
- 1 баш бодо малга - 350 сомдон;
- майда жандыкка 2 укол 50 сом кызмат акысын бекитүү жана малдардын вакцинациясын мал даарыгерлик кызматкерлери 1-майга чейин толук бүтүрүү.
3. Түп айыл аймагында мал багуу эрежелери жана ал эрежелерди бузган учурда айып пулдарды салуу төмөнкүдөй бекитилсин:
· Түп айыл аймагынын малдарын мамлекет тарабынан коюлган талапка ылайык уйларды биркалап, жылкыларга чип басып малдарды эмдөө жагын аймактагы ветеринардык дарыгерлерге тапшыруу.
· Алыскы жайлоого кѳчүп жаткан малчыларга жайыт акысын төлөп, айыл ѳкмѳтү менен келишим түзүү жагын милдеттендирүү.
· Айылда саан уйлар жана 1 баш мингич же арабакеч жылкы алып калуугауруксат берүү.
· Базда-кашарларда мал алып калып, багууга уруксаат бербөө.
· Мал багуу эрежелерин бузуп, жайлоого кошпой алып калган малдарды көчөгө
жаюууда (ар бир акты түзүлгөн сайын):
-1 жылкыга жана 1 бодого – 1000 сом;
-1 койго – 200 сомдон;
-үй канаттууларына – 100 сомдон;
-1 эшекке – 2000 сом.
· Айдалган эгин аянттарына, кѳп жылдык чѳптѳргѳ, беделерге зыян келтирилип
арыз түшкөн учурда, мал ээлерине айыл ѳкмѳтүндө комиссия курамын
түзүп, тѳмѳндѳгүдѳй айып пулдарды салуу:
Биринчи жолу зыян келтирген учурда: