Загрузка документа…
ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
XVI-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-марты №11
Түп айыл аймагынын Бирлик айылынын жалпы орто
билим берүү мекемесине ат коюуу жөнүндө
Бирлик айылынын жергиликтүү тургундарынын 2026-жылдын 26-февралындагы жыйынынын пртоколунун чечиминин негизинде 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” № 37-Мыйзамынын 19-беренесине таянып, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын Бирлик айылынын жалпы орто билим берүү мекемесине Белек Атанын ысымы ыйгарылсын.
2. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы У.И.Бозгунов аталган билим берүү билим берүү уюмунун (мектептин) юридикалык дарегин белгилеп, токтомдун аткарылышын камсыздасын.
3. Бул токтомду массалык-маалымат каражаттарына жарыялап, Кыргыp Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеңешинин жаштар, спорт, туризм, маданият, билим берүү, социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, дин маселелерибоюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Б.Абдымамбетов