Загрузка документа…
ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
XVI-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-марты №12
Түп айылынын Батыш кварталындагы жаңы курулган жалпы орто билим берүү мекемесине ат коюуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-октябрындагы №279 Жарлыгы боюнча Түп райондук мамлекеттик администрациясынын сунушунун карап чыгып, 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37-Мыйзамынын 19-беренесине таянып,Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:
1. Залкар жазуучу, гуманист, философ жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун ысымы 100 жылдык мааракесине карата Түп айылынын Батыш кварталындагы жаңы курулган жалпы орто билим берүү мекемесине ыйгарылсын.
2. Түп айыл өкмөтүнүн башчысы У.И.Бозгунов аталган билим берүү билим берүү уюмунун (мектептин) юридикалык дарегин белгилеп, токтомдун аткарылышын камсыздасын.
3. Бул токтомду массалык-маалымат каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү
жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеңешинин жаштар,
спорт, туризм, маданият, билим берүү, социалдык маселелер,
саламаттыкты сактоо, дин маселелерибоюнча туруктуу комиссиясына
жүктөлсүн.
Төрага А.Б.Абдымамбетов