Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-сентябры № 52
Арашан айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтиүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чараларды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын жана 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 «Тынчтык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ошондой эле коомдук тартипти сактоо жана коомдук жайлардагы тартипти жакшыртуу
максатында:
1. Социалдык коргоо жана коомдук саламаттык сактоо боюнча жетектөөчү адиси (К.О.Токтокожоева) салтанаттуу иш-чараларды (той, эскерүү ж.б.) саат 22:00дө аяктоо талабын жергиликтүү кеңештин депутаттары аркылуу бекитүү боюнча сунушту өз убагында киргизип, тиешелүү чечимдердин кабыл алынышын камсыз кылынсын.
- Ресторандардын, банкеттик залдардын, жайкы кафелердин жана
ушул сыяктуу коомдук тамактануучу жайлардын ишин саат 22:00дө толук
токтотуу боюнча ченемдерди бекитүү иштери камсыздалсын;
- Калк арасында түшүндүрүү иштерин, ишкерлер менен маалыматтык жыйындарды өткөрүүнү уюштурулсун.
2.Бул тескеменин аткарылышын Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Калыков |