Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябры № 55
Арашан айыл аймагындагы жолбун иттерди атуу жөнүндө
Арашан айылдык кеңешинин жыйынында Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Болгонбаев Самат Таалайбековичтин, Арашан айыл аймагынын депутаттарынын жана МИ “Арашан Биримдигинин” директору Осмоналиев Болот Кубатбековичтин сунуштарын угуп,
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагында жыл сайын жаз, күз, кыш мезгилдеринде жолбун иттерди атуу уюштурулсун.
2. Чүй обаласынын ички иштер башкы башкармалыгынын Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн Таш-Дөбө аймактык милиция бөлүмү тарабынан көзөмөдөөгө жана коопсуздукту камсыз кылууга бир кызматкер бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жана МИ “Арашан Биримдигине” жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Калыков |