Загрузка документа…
| (Нарзан айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 18-майындагы № 19 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасы
Чүй облусу Москва району
Нарзан айыл өкмөтү
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексинин 20-
беренесинин негизинде Балдардын укуктарын жана
кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча 2026-жылдын
I-кварталында жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымат
2026-жыл
Кыргыз Республикасынын “Балдар жөнүндө” кодексинин
20-беренесинин негизинде Балдардын укуктарын жана
кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча 2026-жылдын I- кварталында
жүргүзүлгөн иштери тууралуу маалыматы
Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзамдарынын аткарылышын камсыздоо максатында:
«Жашы жете электер арасында укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө»;
«Балдарга карата ырайымсыз мамиледен жана үй-бүлөдөгү зомбулуктан коргоо жөнүндө»;
«Мигранттардын балдары жөнүндө»;
«Турмуштук оор кырдаалда турган балдарды жана үй-бүлөлөрдү табуу тартиби жөнүндө»;
«Эрте никелердин алдын алуу жөнүндө»;
«Суициддин алдын алуу жөнүндө» мыйзамдарынын алкагында:
Нарзан айыл өкмөтү тарабынан 2026-жылдын I-кварталында төмөнкү жардамдар көрсөтүлдү.
Көрсөтүлгөн социалдык жардам:
- 2026-жылдын 6-мартында Нарзан айыл аймагында Роза Отунбаеванын демилгеси Эл аралык коомдук фонду тарабынан ата-энелерге арналган “5 кадам” китебинин бет ачары өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында ата-энелер үчүн балдарды кенже курактан өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу 60 ата-эне жана 60 балдарга лекциялар окулду. Ошондой эле педиатр, балдар психологу жана логопед адистер ата-энелерге акысыз кеңештерди жана консультацияларды беришти.
- 340 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлдү;
Нарзан айыл өкмөтү балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана социалдык кооптуу көрүнүштөрдүн алдын алуу, ошондой эле алардын коопсуз жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү боюнча комплекстүү иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келет.
Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү иштери мындан ары да ырааттуу улантылып, күчөтүлөт.