Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 11-декабрь № 01-7/102
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берүү төлөмдөрүнүн чени үрөн чарба, асыл тукум мал чарбаларына, кооперативдерге түрүнө жараша баштапкы бааны көтөрүү жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-декабрындагы №309 токтомуна жана 2022-жылдын 9-сентябрындагы №494 токтомуна (өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө) «Айыл чарба багытындагы мамлекеттик жер фондунун жерлерин ижарага берүү жөнүндө», ошондой эле Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2022-жылдын 19-сентябрындагы №329 буйругуна ылайык, мамлекеттик жер фондунун жерлерин өткөрүп берүү жөнүндө жобонун негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн айыл чарба багытындагы мамлекеттик жер фондунун жерлерин үрөн чарбаларына, асыл тукум мал чарбаларына жана кооперативдерге ижарага берүү боюнча төлөмдөрдүн чендери төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
o жакынкы сугат айдоо жерлери – 30% — 1 га үчүн 15 990 сом;
o алыскы «Шорго» участогундагы сугат айдоо жерлери – 20% — 1 га үчүн 10 660 сом;
o кайрак айдоо жерлери – 30% — 1 га үчүн 3 000 сом;
o чөп чабык жерлер – 30% — 1 га үчүн 828 сом;
o көп жылдык көчөттөр – 30% — 1 га үчүн 11 569 сом.
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Ушул токтом белгиленген тартипте каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |