Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы №01-7/02
2026-жылга бюджетти бекитүү жана 2027–2028-жылдарга болжолу тууралуу
2026-жылга бюджеттин долбоорун жана 2027–2028-жылдарга болжолду бюджеттик-пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Т.Джазымкулов жана СЭӨ бөлүмүнүн башчысы Г.Д Тулинова тарабынан угуп жана талкуулап, Сары-Озон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга кирешелер боюнча бюджет 150971,2 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде атайын каражаттар 8000,0 миң сом, №1 тиркемеге ылайык.
2. 2026-жылга чыгашалар боюнча бюджет 150971,2 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде атайын каражаттар 8000,0 миң сом, №2 тиркемеге ылайык.
3. 2026-жылга бюджеттин киреше бөлүгү булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөрү аныкталсын.
4. 2027-жылга бюджеттин болжолу 168289,2 миң сом, анын ичинде атайын каражаттар 8000,0 миң сом, 2028-жылга бюджеттин болжолу 187225,2 миң сом, анын ичинде атайын каражаттар 8000,0 миң сом болуп, №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2026-жылга бюджеттик уюмдар үчүн негизги классификация топтору боюнча учурдагы чыгымдарды каржылоого каражаттар бекитилсин.
6. 2026-жылга бюджеттин чыгашаларын каржылоо чыныгы түшкөн кирешелердин чегинде жүргүзүлсүн, мында биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, көмүр), ошондой эле коммуналдык кызматтардын төлөмдөрү каржылансын.
7. 2025-жылы жетишсиз каржыланган жергиликтүү бюджеттин айрым чыгаша топтору 2026-жылга каралган каражаттардын чегинде компенсациялансын.
8. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысына бюджеттик жана атайын эсептер боюнча акча каражаттарын өзгөртүү, толуктоо жана кайра бөлүштүрүү укугу берилсин.
9. 2026-жылы пландан ашык кирешелер түшкөн учурда алар социалдык-экономикалык пландын аткарылышына багытталсын.
10. 2026-жылга Сары-Озон айыл өкмөтүнүн штаттык расписаниеси №4 тиркемеге ылайык бекитилсин, ошондой эле субъекттерди каржылоо №5, №6, №7 жана №8 тиркемелерге ылайык жүргүзүлсүн.
11. Жарандык коргонууга 250,0 миң сом каралсын.
12. Республикалык бюджеттен делегирленген ыйгарым укуктар боюнча каражаттар түшкөн учурда алар максаттуу багыттар боюнча пайдаланылсын.
13. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык 01.01.2026-жылга карата кирешелердин чыгашалардан ашкан бөлүгү (эркин калдык) №9 тиркемеге ылайык бекитилип жана бөлүштүрүлсүн, атайын каражаттар №10 тиркемеге ылайык.
14. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик-пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |