Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-февралы № 70
Арашан айыл аймагынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши 2026-жылдын 5-фералында өткөн XI кезектеги сессиясында Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Болгонбаев Самат Таалайбековичтин жана Арашан айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Рахманова Атыркул Кенешбековнанын Арашан айыл аймагынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджеттин жана 2027-2028-жылдарга болжолдуу планы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап 2026-жылга карата Арашан айыл аймагынын бюджетин бекитүү Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүкчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин ишке киргизүү жөнүндөгү 2016-жылдыдын 16-майындагы №60 Мыйзамына ылайык
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү бюджеттин 2026-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча (атайын каражаттарды эске алуу менен) 79362,3 миң сом суммасында бекитилсин;
-бюджет боюнча – 75062,3 миң сом;
- атайын эсеп боюнча 4300,0 миң сом.
2. 2026-жылга карата киреше бөлүгүн атайын каражаттарды эске алуу менен 79362,3 миң сом суммасында №1 Тиркемеге ылайык бекитилсин;
3. 2027-2028-жылдарга карата бюджеттин киреше бөлүгү боюнча доолборун №2 Тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. 2026-жылга карата чыгаша бөлүгүн атайын каражаттарды эске алуу менен 79362,3 миң сом суммасында №3 Тиркемеге ылайык бекитилсин;
5. Арашан айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата бюджеттик чыгашаларын каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, корголгон беренелер боюнча (айлык акы, социалдык фондго которуулар, тамак-аш, коммуналдык кызматтар) белгиленген тартипте бекитилсин;
6. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу Арашан айыл аймагынын бюджетин аткаруу процессинде каржы бөлүмүнө чыгаша беренелеринин ортосунда, ошондой эле негизги топтогу жана топчодогу жалпы чыгашалардын чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү укугу берилсин, бул учурда корголгон чыгаша беренелеринин көлөмү азайтылбайт;
7. Арашан айыл өкмөтүнүн аппаратынын, ФК жана спорт боюнча, китепкана, маданият үйлөрү жана клубдар боюнча 2026-жылга карата штаттык расписаниелери №4,5 тиркемелерге ылайык бекитилсин;
8. С.Чокморов атындагы маданият үйүнө өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу кошумча бир штаттык бирдик – тазалоочу бекитилсин;
9. Арашан айыл аймагынын башчысынын резервдик фонду 2026-жылга карата жалпы чыгашанын 1% өлчөмүндө 750,0миң сом суммасында бекитилсин;
10. 2026-жылдын 1-январына карата негизги эсеп боюнча 5877,3 миң сом, атайын эсеп боюнча 1702,4 миң сом өлчөмүндөгү эркин калдык бекитилсин. №6 тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөр белгилениши мүмкүн. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-августундагы №433 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө менен алектенген кызматкерлердин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болсо, айылдык кеңештин чечими менен бекитилген өлчөмдө, Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө менен алектенген кызматкерлердин кызматтык маяналарына үстөктөрдү белгилөөгө укук берилген.
Арашан айылдык кеңешинин 2025-жылдын 4-февралындагы №11 токтомуна ылайык, муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тейлөө менен алектенген кызматкерлердин кызматтык маяналарына 2025-жылдын 1-январынан тарта 50% үстөк бекитилсин;
12. 2026-жылга Арашан айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык планы бекитилсин;
13. Контракттык негизде “Контракт боюнча жалданган кызматкерлер” - 3515,4 миң сом, 2121-беренеси «Социалдык фонд» - 526,7 миң сом “Мамлекеттик кызматтар” бөлүмү боюнча 21112-берене боюнча кызматкерлерди кармсыздоо;
14. Арашан айыл аймагынын башчысына кызматтык максаттарга жеке автоунаасын пайдаланууга уруксат берилсин жана күйүүчү майга айына 300 литр чыгым чектелип берилсин;
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.