Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-февралы № 73
Арашан айыл аймагындагы бала бакчалардагы
балдардын тамак-ашына ата-энелер төлөй турган төлөмдүн тарифин көбөйтүү жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши 2026-жылдын 5-февалында өткөн сессияда, Арашан айыл аймагында жайгашкан “Алтын Балалык”, “Назик”, “Таш-Дөбө-Нур”, “Омар-Бин-Аль-Хатаб”, “Ай-Нур-Балажан” бала бакчаларынан келип түшкөн протоколду карап чыгып жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1.Арашан айыл аймагында жайгашкан бала бакчаларында балдардын тамак-ашына ата-энелер төлөй турган төлөмдүн тарифи бир балага күнүнө 120 сом өлчөмүндө 2025-жылдын декабрь айынан баштап бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Калыков |