Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-февралы № 74
Арашан айыл өкмөтүнүн балансына Арашан айыл аймагынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурастарды баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы №701 «Көөнө тарых сырлары» тарыхый-маданий мурастар объектилерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө» 2023-2027-жылдарга программасын аткаруу үчүн, «Тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо жана пайдалануу жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык,
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурастарды Арашан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берсин, №1 тиркемеге ылайык.
2.Арашан айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынбастан жеке менчикте турган тарыхый-маданий мурас объекттеринин тизмесине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Калыков |