Загрузка документа…
АРАШАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-февралы № 71
Арашан айыл аймагынын Малиновка жана Заречный айылдарынын аталыштарын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар” мыйзамынын 5-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жыл 19-августунда №467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарын эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө Жобонун 2-бөлүгүнүн 4-пунктуну негизинде Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Болгонбав Самат Таалайбековичтин сунушун угуп
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арашан айыл аймагынын Малиновка айылынын атын өзгөртүп, Салкын-Төр ысымы ыйгарылсын;
2. Арашан айыл аймагынын Заречный айылынын атын өзгөртүп,
Ала-Арча ысымы ыйгарылсын;
3. Арашан айыл өкмөтү тарабынан Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясына Малиновка айылына Салкын-Төр, Заречный айылына Ала-Арча ысымдары менен макам берүү өтүнүчү жиберилсин;
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын сайтына жарыялансын жана тиешелүү тартипте юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлсүн;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К. Калыков |