Редакцияот 31.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын

 

 

2023-жыл 31-марты  №1

Жайыт пайдалануучуларына  мал чектөөнү киргизүү жөнүндө

 

 

               Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин  128-беренесине

     негиз  Достук айылдык кеңешинин XХVIII  чакырылышынын кезектеги  XXIV  

     сессиясы   маселени күн тартибинде карап жана талкуулап токтом кылат:

1.Жайыттарды сактоо максатында жайыт пайдалануучуларына төмөндөгүдөй өлчөмдө чектөө киригизилсин:

-Майда жандык баккандар үчүн 800(сегиз жүз) баш;

-Кара мал баккандар үчүн 200(эки жүз) баш;

-Кара мал жана майда жандык баккандар үчүн 750 (жети жүз элүү) баш майда жандык, 50 (элүү) баш кара мал.

2.Жайлоого көчүү графиги төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин;

-1-майдан Келиш жайытына көчүү;

-1-июндан чоң жайыттарга көчүү.

3.Жогорудагы тартипти сактабаган чабандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде айып пул салынсын.

4.Токомду аткаруу жайыт комитетинин төрагасы К.Тагаевге милдеттендирилсин.

5.Көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

  

Айылдык кеңештин төрагасы                                                                    Н.Мадалиев