Загрузка документа…
Манас айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIIIсессиясы
ТОКТОМ
05.02.2026-жыл №13/1 Нурдар айылы
Манас айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө
2026-жылга карата бюджеттинкиреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү маселесин айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын корутундусунун негизинде жана Манас айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүмүнүн билдирүүсүн угуп, талкуулап Манас айылдык кеңши токтом кылат:
1. Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын аткарылышы жактырылсын, 2026-жылга бюджети 150456,2 миң сом жана чыгашасы 150456,2 миң сом өлчөмүндө, анын ичинде атайын эсеп счет 59670,0 миң сом, жайыт комитети 400,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Манас айыл өкмөтүнүн 36 штаты анын ичинен муниципалдык кызматынын 13 штаты, 5 тейлөөчү 18 келишимдин негизинде бекитилсин.
3. Манас айылдык кеңешинин 3 штаты, анын ичинен 2 башкы жана 1 тейлөөчү болуп бекитилсин.
4. Манас айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы бюджетинин планда жалпы суммасынан 1% бөлүгү резервдик фондко бекитилсин.
5. Манас айыл аймагындагы тарбияланып жаткан бала бакчалардагы балдардын 1 күндүк тамак ашы үчүн атайын эсептен 72 сомго бекитилсин.
6. Күрөң-Кол айылынын айыл башчысына бийик тоолуу аймакка киргендигине байланыштуу эмгек акысына 10% кошумча төлөөсүн (КР Өкмөтүнүн №381 токтому)
7. 2026-жыл ичинде сметага толуктоолорду киргизүү кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана СЭБ башчысына жүктөлсүн.
Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Манас айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, салык, соц фонд, аренда акыларын төлөө инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Х.Ш.Артыкова