ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын
2023-жыл 31-марты №4
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине өткөрүлүп берилген 50 пайыздык өлчөмүнүн ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин 2022-жылдын 19-сентябрындагы № 329 НИ буйругу менен бекитилген Жобого жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин 2023-жылдын 27-мартындагы
№ 01-1/11-катына ылайык Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап токтом кылат:
1.Айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча башкы адис Абдулла уулу
Баямандын маалыматы эске алынсын.
2.Достук айыл өкмөтүнүн Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин Айыл чарба министрлигине өткөрүлүп берилген 50 пайыздык өлчөмүнүн бир жылдык ижара акысы төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин:
-суулуу жерлерге-13 590 сом;
-суугаруу кыйын болгон жерлерге-9060 сом;
-кайракы жерлерле-4530 сом өлчөмүндө.
3.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаевге
милдеттендирилсин.
4.Көзөмөлдөө Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы Н.Мадалиев