ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Достук айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXIV сессиясынын
2023-жылдын 18-июлу №3
Достук айыл аймагындагы катуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана жайгаштыруу боюнча тарифке өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Достук айыл аймагынын каттуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу тарифине № 1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2.Айыл өкмөтүнүн аярлуу катмарынын 54 (элүү төрт) жаранына катуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу 50% га жеңилдетип берилсин.
3.Калктын аярлуу катмарына берилген жеңилдиктер айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин Укук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Айылдык кеңештин төрагасы Н.Мадалиев
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVI сессиясынын 3-токтомунун 1-тиркемеси
Тазалык ишканасынын каттуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу тарифи:
№ | Аталышы | Өлчөө бирдиги
| Баасы |
1 | Физикалык жактарга
| Жан башы | 30 |
Кожолук | 150 | ||
2 | Юридикалык жактарга |
1м 3
|
332,30 |
Ишкана жетекчиси А.Эркабаев