ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2023-жылдын 9-августу №2
Достук айыл аймагынын жайлуулугунун типтүү эрежелерин сактоо боюнча жобосун бекитүү жөнүндө
Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагынын жайлуулугунун типтүү эрежелерин жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Достук тазалык муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин Социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы Н.Мадалиев
Достук айылдык кеңешинин 2023-жылдын
9-августундагы 27-сессиясынын
2-токтомунун 1-тиркемеси
Достук айыл аймагынын жайлуулугунун
типтүү эрежелери
1§. Жалпы жоболор
1. УшулДостук айыл аймагынын жайлуулугунун типтүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер) «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы ПЖ № 305 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын калктуу пункттардын жайлуулугу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин жөнгө салган башка ченемдик-укуктук актыларынын жоболоруна ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Эрежелер жарандардын жашоо шарттарынын ыңгайлуулугун камсыздоо жана жогорулатуу, айыл аймактарынын аймагын жана анда жайгашкан объекттердин (анын ичинде жалпы колдонуудагы аймактардын), жер участокторунун, имараттардын, курулмалардын, курулуштардын функционалдык, санитардык, экологиялык жана эстетикалык абалын жакшыртуу максатында иштелип чыкты.
3. Эрежелер менчигинин түрүнө карабастан, бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн аткарууга бирдиктүү жана милдеттүү болгон жайлуулук, жашылдандыруу, санитардык жактан күтүү, тазалоолорду уюштуруу жана айыл аймагынын аймагында тазалыкты жана тартипти камсыздоо маселелерин аныктайт.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Эрежелер менен аныкталган жайлуулук маселелерине тиешеси бар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчилик алышат.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы өз ыйгарым укуктарынын алкагында жайлуулук маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдү аныктайт.
2§. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
6. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент – тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн жеке же юридикалык жак;
Аймактын жайлуулугу– инженердик даярдык жана коопсуздукту камсыздоо, жашылдандыруу, жабдууларды орнотуу, жарыктандыруу, чакан архитектуралык формаларды жана монументалдык искусство объекттерин жайгаштыруу, санитардык жактан күтүү, тазалоолорду уюштуруу жана айыл аймагынын аймагында тазалыкты жана тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралардын топтому.
Калктуу пункттун тышкы жайлуулугу –калктуу пункттун чектеринде калктын жашоосуна жана эс алуусуна жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
КТК ташып чыгаруу –атайын транспортто түшүрүү, КТКны топтогон жерден жок кылуу жерине чейин андан ары ташуу менен таштанды аянтчаларын жана алардын кире бериштерин төгүлгөн таштандылардан тазалоо;
Көк майсан – жасалма жол менен жасалган чөп каптамы бар жер участогу түрүндөгү жайлуулук элементи;
Чектеш аймактардын чек аралары, эгерде жер участогунун ижара келишими менен башкача аныкталбаса, жер участогун мөөнөттүү акысыз пайдалануу, өмүр бою мураска калтыруу төмөнкүдөй аныкталат:
1) эки тараптуу имараттары бар көчөлөрдө ээлеген участоктун узундугу боюнча, туурасынан – көчөнүн жүрүүчү бөлүгүнүн огуна чейин;
2) бир тараптуу имараттары бар көчөлөрдө ээлеген участоктун узундугу боюнча, ал эми туурасынан карама-каршы тротуарды кошкондо көчөнүн жалпы туурасы жана тротуардан кийинки 10 метр;
3) жолдордо, кире бериштерде жана өнөр жай уюмдарына кирүүчү жолдордо, ошондой эле казылуучу жерлерге, гараждарга, кенчтерге жана жер участокторуна – жолдун жалпы узундугу боюнча, анын ичинде 10 метрдик жашыл зона;
4) курулуш аянчаларында – аймагы бардык периметри боюнча имараттын тосмосунан 15 метрден кем эмес;
5) соода, коомдук тамактануу жана калкты тиричиликтик тейлөөнүн капиталдык эмес объекттери үчүн – 10 метрден кем эмес радиуста.
Бекитилген аймак – юридикалык жана жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда турган имараттар, үй ээликтери, курулуштар жана башка объекттер;
Жашыл бак-дарактар – жасалма жана табигый тектеги дарак, дарак-бадал, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
Ири көлөмдөгү таштанды – өзүнүн керектөөчүлүк касиетин жоготкон жана өлчөмү жагынан атайын таштанды тазалоочу унаалар менен ташылып чыгарылбаган керектөө жана чарбалык ишмердиктин (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.) калдыктары;
Контейнер аянтчасы – тийиштүү сандагы контейнерлерди орнотуу менен өндүрүш жана керектөө калдыктарын, КТКны топтоо жана убактылуу сактоо үчүн атайын жабдылган аянтча;
Таштанды – ар кандай таштандылар, анын ичинде КТК, ири көлөмдөгү таштанды, керектөө жана өндүрүш калдыктары;
Санкциясыз таштанды төгүүчү жай – КТК, ири көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, чектелген аянтта 30 куб метрден жогорку көлөмдөгү юридикалык же жеке жактардын ишмердик процессинде пайда болгон башка таштандыларын өз алдынча (санкциясыз) таштоо же сактоо;
Жайлуулук элементтеринин ченемделген топтому – муниципалдык түзүлүштүн аймагына коопсуз, ыңгайлуу жана жагымдуу чөйрөнү түзүү үчүн жайлуулук элементтеринин тийиштүү минималдуу айкалышуусу.
Аймактын жайлуулук объекттери – жайлуулук иштери жүзөгө ашырылган айыл аймактын аймагы: аянтчалар, короолор, кварталдар, ошондой эле бирдиктүү шаар куруу регламентинин (корголгон зоналар) же визуалдык-мейкиндик кабыл алуусу (имараттары бар аянт, чектеш аймагы жана имараттары бар көчө) принциби менен бөлүнгөн аймактар, муниципалитеттин башка аймактары.
Аймактын жайлуулугунун ченемделген объекттери – аймактын жайлуулугу боюнча ченемдер жана эрежелер аныктала турган айыл аймагынын белгилүү бир аймагы: жайлуулук элементтеринин ченемделген топтому, аларды бул аймакта жайгаштыруунун ченемдери жана эрежелери. Мындай аймактар төмөнкүлөр болуп саналышы мүмкүн: ар кандай функционалдык багыттагы аянтчалар, жөө жүрүү коммуникациялары, өтмөк, коомдук мейкиндик, коомдук участоктор жана зоналар, турак жай имараттары, өндүрүштүк имараттардын санитардык-коргоо зоналары, рекреация объекттери, калктуу пункттун көчө-жол тарамы, инженердик коммуникациялардын техникалык (коргоо-эксплуатациялык) зоналары.
Сейил бак – эс алуу жана бош убакытты өткөрүү үчүн арналган жалпы колдонуудагы жашыл аймак;
КТК чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү (Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү) – КР мыйзамдарына ылайык тандалып алынган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен КТК чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу жана калктуу пункттун аймагын санитардык тазалоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн юридикалык же жеке жактар.
Чектеш аймак – юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда турган бөлүнгөн жер участогунун, имараттардын, үй ээликтеринин, курулмалардын жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча түздөн-түз чектеш, ижара укуктарынан эркин муниципалдык аймак;
Калдыктарды өндүрүүчү – өз ишмердигинин натыйжасында калдыктарды пайда кылган жеке жана юридикалык жак.
Аймактарды санитардык тазалоо – аймактарды тазалоо, калдыктарды, көчө таштандыларын (шыпырындылар) ташып чыгаруу;
Көчө таштандылары, шыпырындалар – жолдордо, тротуарларда, сейилдөөчү зоналарда жана башка коомдук жерлерде жаралган калдыктардын (көчө таштандыларынын) түрү жана төмөнкүлөр сыяктуу материалдардан турат: топурак, кум, жер кыртышы, табигый өсүмдүктөрдүн материалдары (дарак, өсүмдүктөрдүн бөлүктөрү), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, текстиль, металлдар, башка материалдар.
Катуу тиричилик калдыктары (мындан ары - КТК) – адамдардын жашоо ишмердигинин натыйжасында, анын ичинде тамак-аштарды даярдоодо, турак жайларды, үйлөрдүн аймактарын жана жалпы пайдалануудагы жайларды тазалоодо пайда болгон керектөө калдыктары, ошондой эле эскирген, жараксыз болгон үй тиричилик буюмдары.
Аймактарды тазалоо – өндүрүш жана керектөө калдыктарын, башка таштандыларды, карды атайын бөлүнгөн жерлерге чогултуу, ташып чыгаруу менен байланышкан ишмердиктин түрү, ошондой эле калктын экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылууга жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган башка иш-чаралар.
Аймактын жайлуулук элементтери – декоративдик, техникалык, пландаштырылган, конструктивдик түзүлүштөр, өсүмдүк компоненттери, жабдуулардын жана жасалгоолордун ар кандай түрлөрү, чакан архитектуралык формалар, капиталдык эмес стационардык эмес курулмалар, жайлуулуктун курамдык бөлүгү катары пайдаланылган тышкы жарнама жана маалымат.
Жашыл бак-дарактарды кайра отургузуу – жаңы курулуш зонасына жана бар болгон объекттерди реконструкциялоого туш келген жашыл бак-дарактарды казып алып, кайра башка аймакка отургузуу жолу менен сактоонун жолу.
Инсоляция режими — бул жеринин географиялык кеңдигине, имараттын жарык өлкөлөр боюнча багытына, коңшу үйлөрдүн терезелеринин көлөкөсүнө, жарык берүүчү жайлардын чоңдугуна ж.б. жараша күндүн түз нурлары менен жайларды жарыктандыруунун узактыгы жана интенсивдүүлүгү.
Жашыл бак-дарактарды көчүрүү – белгиленген тартипте таризделген дарактарды, бадалдарды кыюу, гүлзарларды, көк майсандарды казуу, аларды аткаруу тигил же бул курулуш объекттерин жайгаштыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу, инженердик жайлуулук элементтерин, жердеги коммуникацияларды тейлөө, турак жана турак эмес имараттардын инсоляциясынын ченемдик талаптарына жооп берген айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында объективдүү зарыл.
Жашыл бак-дарактарды жок кылуу – казуунун (көк майсан), гүлдүү-декоративдүү өсүмдүктөрдү, бадалдарды, дарактарды казуунун же дарактарды кыюунун (кыскартуу) натыйжасында жашыл бак-дарактардын жашоосун токтотуу, ошондой эле алардын өсүшүнүн, жашоосунун бир жолку токтошуна жана өлүмгө алып келген жашыл бак-дарактардын жабыркашы.
3§. Тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу иштерин уюштуруу