Загрузка документа…
Манас айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIIIсессиясы
ТОКТОМ
05.02.2026-жыл №13/2 Нурдар айылы
Манас айыл аймагынын “Аманат” МИнын 2026-жылга жана жайыт пайдалануучуларга жайыттын тарифин бекитүү жөнүндө
Манас айыл аймагындагы “Манас жайыт” МИнын жетекчиси А.Мамажунусовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Манас жайыт” МИнын жетекчисинин сунушунун негизинде малдан алынуучу жайыт баасы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Айыл аймагынын тургундарынын мал, кой, жылкылары үчүн:
ар бир баш кой эчкиге 40 сомдон
ар бир баш малга 200 сомдон
ар бир баш жылкыга 200 сомдон.
Четтен келген мал, кой, жылкылары үчүн:
ар бир баш кой эчкиге 180 сомдон
ар бир баш малга 750 сомдон
ар бир баш жылкыга 750 сомдон.
2. Жайыттарга мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга төмөндөгүдөй баа белгиленсин:
1) Маданий ден соолукту чыңдоочу туристик иш чаралар үчүн 1 га жер аянты үчүн 30 000 сом;
2) Таш майдалоочу кичи ишканалар үчүн 40 000 сом;
3) Табигый тоют даярдоо үчүн 1 га жерге 1500 сом;
3. Токтомдун мыйзамдуу аткарылышы “Манас жайыт” МИнын жетекчиси А.Мамажунусовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер, комуналдык менчик, соода, байланыш, транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым Х.Ш.Артыкова