Загрузка документа…
Манас айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектегиXIII сессиясы
ТОКТОМ
05.02.2026-жыл №13/4 Нурдар айылы
Манас айылдык кеңешинин 2024- жылдын 28-июнундагы №25/16 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Манас айыл аймагынын Кызыл-мээнет айылынын тургуну Байматов Мирзохидтин, Кызыл-мээнет айылынын Бегиев көчөсүнүн №4 үйүндө жеке үй шартында ачылган Абдрахманова Мадинанын атындагы бала бакчасын муниципалдык бала бакчага айландыруу жөнүндөгү жана Абдрахманова Мадинанын атынан Байматов Мирзахидтин атына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызынын негизиндеги суроо талаптары боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, кеңири ой пикир сунуштарды эске алып Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Манас айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-июнундагы №25/6 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктундагы “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагындагы Кызыл-мээнет айылынын Бегиев көчөсүндөгү №4 үйүндө, үй шартында бала бакча ачууга макулдук берилсин”- деген сөздөр, “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагындагы Кызыл-мээнет айылынын Бегиев көчөсүндөгү №4 үйүндө жайгашкан “Муниса эне” атындагы үй шартында муниципалдык бала бакча ачууга макулдук берилсин”-деп өзгөртүлсүн”.
2. Абдрахманова Мадинанын атына ачылган бала бакча, Байматов Мирзахидтин атына карай өзгөртүлсүн жана “Муниса эне” атындагы үй шартындагы муниципалдык балдар бакчасына штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жана Манас айылдык кеңешинин элге билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрайым Х.Ш.Артыкова