Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX отурумунун
Т О К Т О М У
28.05.2026. № 19/1 Жаңы-Турмуш айылы
Айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын ижарага берилген жерлеринин тарифине өзгөртүү киргизүү, максатуу пайдалануу, көзөмөлгө алуу боюнча жер адистин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Айыл өкмөттүн аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, КБФнын жерлерин ижарага берүү боюнча тарифти бекитүү жөнүндө маалыматты угуп жана таалкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого” таянып, Тилектеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат:
1. Айыл өкмөтүнүн жер маселери жана турак жай боюнча башкы адиси Ж.Зикировдун айыл аймагында жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшү, айыл чарба жерлерин тактоо, КБФнын ижарага берилген жерлерин максатуу пайдалануу боюнча маалыматынын негизинде бир катар жумуштардын аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун тактоого зарыл болгон жерлерин 15 (он беш) күн мөөнөт ичинде тактатып чыгуу ишин бүтүрүү жагы айыл өкмөттүн башчысына тапшырылсын жана жерлерди тактап, бөлүштүрүү максатында конкурстук комиссиянын курамы түзүлсүн.
3. КРнын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондусунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого”жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июндагы № 243 менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого” ылайык, конкурстун негизинде КБФнын чөп чабынды жерлери 5 (беш), сугат жерлери 5 (беш), бактар 5 (беш) жылдан кем эмес мөөнөт менен ижарага берилип, төмөндөгүдөй тарифте белгиленсин:
Баштапкы баасы 1 га кайракы жер үчүн – 1500 сом
Сугат жер үчүн - 5000 сом
Чөп чабынды алыскы жер үчүн - 500 сом
Жакынкы жер үчүн - 1000 сом
Бак үчүн - 5000 сом.
4. Келишимдин мөөнөтү бүткөн жарандарга белгиленген тарифте берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыздоо, конкурсту өткөрүү жагы айыл өкмөткө, конкурстук комиссиянын курамына милдеттендирилсин, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Төрөшев