Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX отурумунун
28.05.2026. № 19/3 Жаңы-Турмуш айылы
Коомдук тартипти коргоо, мыйзам бузууларды болтурбоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө
Коомдук тартипти коргоо, мыйзам бузууларды болтурбоо жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө айылдык кенештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27- апрелиндеги № 63 “Үй- бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 17, 22-пункутуна ылайык, Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 17, 22-пунктуна ылайык, айыл аймагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн.
- Айыл өкмөтүнө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, аялдарга, балдарга жана үй-бүлөлөргө укуктук маалымат берүү, тиешелүү мекемелер менен биргеликте алдын алуу иш -чараларын уюштуруу милдеттендирилсин.
- Участкалык инспекторлорго, аксакалдар сотуна, аялдар кенешине жана социалдык кызматкерлер менен биргеликте үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу, тобокелчилик тобундагы үй-бүлөлөрдү көзөмөлдөө тапшырылсын.
- Билим берүү мекемелеринде үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо жана зордук-зомбулуктун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.