Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX отурумунун
Т О К Т О М У
28.05.2026. № 19/4 Жаңы-Турмуш айылы
Айыл аймагындагы калктын жайлоого көчүп-конуусун жөнгө салуу боюнча, Кыргыз Републикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Тилектеш айыл аймагындагы бардык айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү убактысын белгилөө жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап,Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясытоктом кылат:
1. Кыргыз Републикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине ылайык, Тилектеш айыл аймагындагы бардык айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү убактысы айыл аймагына караштуу бардык айылдарда тартипке келтирилсин.
2. Жайлоого көчүү убактысы белгиленген графиктен кечиктирилбесин, Жошолу жана Корул аймактарында жайлоодон көчүп келүү 20-августтан эрте болбосун, жайлоо жолдорун көчүү графигине чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлсүн.
3. Жайлоого көчүп-конууну жөнгө салуу, сырттан келген малдарды алып, жайлоого чыккандар алыскы жайлоолорго алып чыгуусун, айыл ичине бөлөк малдарды киргизбөөсүн камсыздоо, айыл ичиндеги малдарды падага алган малчылар үчүн айыл тургундарынын малы чыкпаган обочо жайыттан жайыт ордун аныктап берүү айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткарбай, жайлоого малдарды өз учурунда, белгиленген мөөнөттө кетирбеген жарандарга, жайлоодон белгиленген убакыттан эрте көчүп түшкөн, же болбосо малдарды кароосуз калтырып, малдары чөп орунду жайыттарга түшүп калган жарандарга Кыргыз Републикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 124- жана 252-беренелерине ылайык, айып пул салынсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысына, ал эми көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин уюштуруу, укуктук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага К.Төрөшев