Загрузка документа…
Тилектеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX отурумунун
Т О К Т О М У
28.05.2026. № 19/6 Жаңы-Турмуш айылы
Көрүстөндөрдүн жана муниципалдык жерлердин иштешин камсыз кылуу жөнүндө
Айыл аймагындагы көрүстөндөрдүн жана муниципалдык жерлердин иштешин камсыз кылуу жөнүндө айылдык кенештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Тилектеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы токтом кылат :
1. Айыл аймагындагы көрүстөндөрдү пайдалануу, күтүү жана коргоо, муниципалдык жерлерди максаттуу жана мыйзамдуу пайдалануу камсыздалсын.
2. Көрүстөндөрдү күтүү жана пайдалануу боюнча айыл аймактын типтүү жобосу иштелип чыксын.
3. Көрүстөндөрдүн аймагын кеңейтүү, тосуу, тазалоо, санитардык жана экологиялык талаптарды сактоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Көрүстөндөрдүн аймагында мыйзамсыз курулуштарга жана жер басып алууга жол берилбесин.
5. Муниципалдык жерлерди ээлеп алуу фактыларына каршы чаралар көрүлсүн, жерлерди пайдалануу боюнча инвентаризация жүргүзүлсүн.
6. Муниципалдык жерлерди ижарага берүү мыйзам талаптарына ылайык аткарылсын.
7. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнө, ал эми көзөмөлдөө айылдык кенештин агрардык маселелер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага К.Төрөшев